Чек арачы Дастан Анарбеков дайынсыз болууда. Апасы өлкө жетекчилигине кайрылды

Жоокер чек араны кайтарууга мындан бир ай мурун эле барган болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Тажик тараптын агрессиялык кол салуусунан кийин кыргызстандык аскер Дастан Анарбековдун дайыны чыкпай жатат. Бул туурасында анын апасы Сауле Иманалиева билдирди.
Ал президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, уулун издөө иштерин жеке көзөмөлгө алуусун өтүнгөн.
Сауле Иманалиева президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылды
"Уулум Дастан 2022-жылдын августунда Лейлек районунун "Достук" заставасына командирдин орун басары болуп жөнөтүлгөн. 17-сентябрдан бери дайыны жок. Сиздерден издөө иштерин токтотпоону суранам", — деп жазган Иманалиева.
Ошондой эле ал баласы менен акыркы жолу 15-сентябрда кечки саат 22:00дө байланышканын кошумчалады.
Дастан Анарбеков Кара-Буура районунун Аманбаев айылында 2001-жылы туулган. Быйыл Бишкекте Аскер институтун артыкчылык менен бүтүп, офицер-лейтенант наамын алган.
Дастан Анарбеков Кара-Буура районунун Аманбаев айылында 2001-жылы туулган
Буга чейин айрым булактарда Анарбековду каза болду деген маалымат тарап кеткен, кийинчерээк анын белгисиз болуп жатканы айтылган.

Тажикстандын Кыргызстанга куралдуу баскынчылыгы

Тажик тараптын кол салуусунан 62 кыргызстандык набыт болду, арасында жай тургундар, жаш балдар бар. 169 киши ар кандай жаракат алган.
Баткенде 1 158 объект талкаланган, анын 613ү — турак үй.
14-сентябрь күнү тажик аскерлери Баткенде чек арага жакын аймактарга ок чыгарып, сүйлөшүүдөн кийин токтогон болчу. Бирок 16-сентябрдын таңында бардык чек ара тилкесин аткылап кирген. Аткылоого тажик аскерлери эле эмес, жалданма топтор дагы аралашкан.
Кыргызстандын Чек ара кызматы күч түзүмдөрү тажик тарап Кыргызстандын аймагын басып алуу максатында оор техникаларды, авиация, "Град" ракеталык системасын колдонуп жатканын кабарлаган.
Эки өлкөнүн УКМК төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов атышууну токтотууга макулдашкан. Бирок ага карабай тажик тарап кайра ок чыгарган. Миномёттун снаряддары Баткен шаарынын чок ортосуна да түшүп, бир катар объектилер талкаланган.
Андан соң алар 17-сентябрда Оштун Чоң-Алай районундагы заставаларды аткылай баштаган.
Тажикстандын аскерлери, жөнөкөй жарандары жана белгисиз топтор Баткен менен Лейлек райондорундагы үйлөрдү, социалдык объектилерди, дүкөндөрдү талап-тоноп, өрттөп кетишкен.
Кыргызстан расмий түрдө окуяны "Тажикстандын алдын ала даярдалган агрессиялык куралдуу кол салуусу" деп атады. Садыр Жапаров дагы БУУнун сессиясында бүт дүйнөгө Тажикстан Кыргызстанга агрессиялуу түрдө чыккынчылык менен кол салганын белгиледи.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Тажик тарап туткундаган жоокердин видеосу эсиңиздеби? Анын аман экени белгилүү болду