Чек арада курман болгон аскерлердин элесине Бишкекте баннер орнотулду. Сүрөт

Баннерлер калаадагы төрт көчөнүн кесилишине илинген.
Sputnik
БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Тажик тараптын кол салуусунан курман болгон аскер кызматкерлери менен милиционердин жаркын элесине арналып Бишкекте баннерлер орнотулду. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
1 / 4

Тажик тараптын кол салуусунан курман болгон аскер кызматкерлери менен милиционердин жаркын элесине арналып Бишкекте баннерлер орнотулду.

2 / 4

Маалыматка ылайык, сүрөттөр Малдыбаев — Ахунбаев, Тыналиев — Ахунбаев, Киев — Байтик баатыр жана Чүй — Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан билборддорго илинген.

3 / 4

Баннерге баатырдык кылып курман болгон улук сержант Дурус Каныбек уулу, кенже сержант Манас Баатырбеков, улук сержант Акылбек Ташбеков, катардагы жоокер Айбек Абдилабеков жана ИИМдин атайын багыттагы полкунун кызматкери, милициянын ага сержанты Мыктыбек Мурзажановдун сүрөттөрү илинген.

4 / 4

Бишкекте жайгашкан билборддордун бири

Маалыматка ылайык, сүрөттөр Малдыбаев — Ахунбаев, Тыналиев — Ахунбаев, Киев — Байтик баатыр жана Чүй — Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан билборддорго илинген.
"Мындай окуя эрдиктин жана аскердик антка берилгендиктин белгиси болуп эсептелет. Аскерлер менен милиция кызматкерлери Ата Мекенди коргоо өзгөчө милдет экенин тереңден түшүнүү менен бул куралдуу кол салууга каршы турушту. Анткени алар үчүн "эрдик" деген жөн эле сөз эмес, күнүмдүк реалдуулук. Аларды өлкөбүздүн ар бир жараны таанышы керек", — деп жазылат маалыматта.
Баннерге баатырдык кылып курман болгон улук сержант Дурус Каныбек уулу, кенже сержант Манас Баатырбеков, улук сержант Акылбек Ташбеков, катардагы жоокер Айбек Абдилабеков жана ИИМдин атайын багыттагы полкунун кызматкери, милициянын ага сержанты Мыктыбек Мурзажановдун сүрөттөрү илинген.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Чек арага чептей туруп курман болгон кыргыздын кыраандары