Ташиев: эвакуациялангандар, үйүңөргө кайта бергиле, чек арада абал тынчыды

Бүгүн эки тарап жолугуп, тынчтык орнотуу тууралуу дагы бир протоколго кол коюлган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Тажик тараптын кол салуусунан эвакауацияланган жарандар үйлөрүнө кайта берсе болот. Бул туурасында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
Ал бүгүн Тажикстандын УКМК төрагасы Саймумин Ятимов баштаган делегация менен жолугуп, тынчтык орнотуу тууралуу дагы бир протоколго кол койгон.

"Баткен жана Лейлек райондорунда жашагандар үйлөрүнө кайта берсе болот. Эгер мүмкүнчүлүктөрү жок болсо, жергиликтүү бийлик органдары ӨКМ менен биргеликте транспорт уюштурулат. Көчөгө чыгып ар жерден транспорт издеп кыйналбаңыздар. Бүгүндөн баштап мамлекетибизде, чек арабызда тынчтык болот", — деди Ташиев.

Белгилей кетсек, куралдуу кагылыш башталганда, 14-16-сентябрь күндөрү 140 миңге чукул жаран коопсуз жайга эвакуацияланган.
Баткенде Ташиев менен Ятимов чек арадагы соңку кырдаалды талкуулап жатат