Аскер институтуна тапшырууда Баткен облусунан келген абитуриенттерге артыкчылык берилип, каалоочулардын саны жылдан-жылга өсүүдө. Бул тууралуу Канагат Уразбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аскердик окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнүн баары жумуш менен камсыз болот.
"Куралдуу күчтөрдүн Советтер Союзунун Баатыры, генерал-лейтенант Калыйнур Үсөнбеков атындагы Аскер институту аскер кадрларын даярдап, жогорку билим берген мамлекеттик жалгыз мекеме болуп эсептелет. Ал 1940-жылы атайын учкучтар мектеби катары түзүлгөн. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда 1 500 учкучту даярдап чыгарган. Алардын ичинен төртөө Советтер Союзунун Баатыры деген жогорку наамга ээ болгон. 80 жылдан ашык тарыхы бар окуу жай Коргоо министрлиги, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын Ички аскерлери, Чек ара кызматы, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Жаза аткаруунун мамлекеттик кызматы үчүн адистерди даярдайт. Аскер институтуна тапшырууда Баткен облусунан келген абитуриенттерге артыкчылык берилип, каалоочулардын саны жылдан-жылга өсүүдө. Аскердик билим берүү акысыз берилип, төрт жыл окутулат", — деди Уразбеков.
Ошондой эле адис аскердик билим берүүнүн сапатын жакшыртуу үчүн дагы аракеттер көрүлүшү керектигин кошумчалады.