Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украина Ирандын элчисин Россияны колдогону үчүн аккредитациядан ажыратты

Буга чейин АКШнын Ак үйүнүн расмий өкүлү Карин Жан-Пьер Иран Россияга учкучсуз учуучу аппараттардын биринчи партиясын жөнөткөнүн билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Украинанын Тышкы иштер министрлиги Ирандын Киевдеги элчисин бул өлкөдөн Россияга курал-жарак жеткирип жатат деген билдирүүлөрүнөн улам аккредитациядан ажыратканын билдирди. Бул тууралуу мекеменин сайтында жазылды.
"Мындай аракетке жооп катары украин тарап Иран элчисинин аталган өлкөдөгү каттоосун чакыртып алып, ошондой эле элчиликтин дипломатиялык кызматкерлеринин санын кыскартуу чечимин кабыл алган", — деп жазылган билдирүүдө.
РИА Новости билдиргендей, буга чейин Ак үйдүн расмий өкүлү Карин Жан-Пьер АКШнын маалыматы боюнча, Иран Россияга пилотсуз учуучу аппараттардын биринчи партиясын жөнөткөнүн билдирген.
Россиянын ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова Россиянын Ирандан согуштук аппараттарды сатып алганы тууралуу маалымат Американын медиаларында жасалма таратылганын билдирген. Президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков Washington Post басылмасындагы Ирандын пилотсуз учактарынын РФке жеткирилишине комментарий берип жатып бул ЖМК акыркы убакта эл арасында ызы-чуу жаратуу менен алектенип калганын айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Зеленский Израилдин курал-жарак жеткирбей жатканына таң калып, нааразы болду