Венгрия: НАТО менен РФтин ортосунда чыр чыгып кетишине жол бербешибиз керек

Министр аскердик ачык тирешүү бир да өлкөгө жакшылык алып келбей турганын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Венгрия азыркы убакта эң негизгиси Россия менен НАТОнун ортосундагы мамиленин аскердик ачык тирешүүгө айланып кетишине жол бербөө маанилүү деп эсептейт. Бул тууралуу Венгриянын ТИМ башчысы Петер Сиярто билдирип, тирешүүнүн эч кимге кереги жок экенин белгилегенин РИА Новости жазды.
"Азыркы учурда Россия менен НАТОнун ортосунда чыр-чатак чыгып кетишине жол бербешибиз керек. Бул өтө маанилүү нерсе. Анткени анын кесепети бир да мамлекетке жакшылык алып келбейт", — деген Сиярто.
Ал кокус НАТО менен Россиянын ортосунда чыр-чатак чыгып кетсе узакка созуларын белгилеп, аны болтурбоо башкы милдет экенин кошумчалаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Батыш чектен чыгып бара жатат... Путиндин кайрылуусу