БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Нарын шаарында балдардын акчасын, телефонун жана башка буюмдарын тартып алды деп шектелген 18 жаштагы улан кармалды. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
1-сентябрда милицияга Нарын шаарынын тургуну 16 жаштагы инисин С. аттуу бала коркутуп сабап, 35 миң сом опузалап талап кылып жатканын билдирген. Ошондой эле шаардын 19 жаштагы тургуну 11-сентябрда С. аттуу бала iPhone XS үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алганын айткан. Мындан сырткары, 45 жаштагы жашоочу да милицияга кайрылып, ошол эле бала 16 жаштагы уулунун 31-август күнү эч себепсиз уруп, борсеткасын тартып алганын билдирген.
Аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Опузалап талап кылуу" жана "Тоноо" фактылары боюнча кылмыш иштери козголгон.
"Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө 18 жаштагы М.С кармалган. Жанынан 12 миң сом акча, iPhone XS, борсетка жана бычак алынган", — деп жазылган маалыматта.
Шектүү эки айга камакка алынып, тергөө иштери уланууда. Соттук-медициналык жана соттук-криминалистикалык экспертизалар дайындалганын билдиришти.