Ат минип, куш салгандарды көрүп. Шевченконун Ысык-Көлдө эс алып жаткан видеосу

Спортчу кыз акыркы жолу июнь айында келип кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 24-сен — Sputnik. Кыргызстандык мушкер, дүйнөлүк UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко кайрадан мекенине келди.
Ал Ысык-Көлдө эс алып жаткан сүрөттөрүн социалдык тармактагы баракчасына жүктөдү.
Шевченко Салбуурун федерациясында конокто экенин айтып, өзүнүн атчан видеосун жүктөгөн. Спортчу кызга жаанын кандай атыларын, бүркүттүн кандай салынарын көрсөтүшкөн.
Спортчу кыз акыркы жолу июнь айында келип кеткен. Ал соңку убакта мекенине байма-бай келүүдө. Ага чейин бир нече жыл мекенин көрбөй чет мамлекеттерде жашап, машыгып, эл аралык беттештерге чыгып келген.
Шевченко аралаш мушташ боюнча Абсолюттук мушкерлер уюмунун (UFC) аялдар арасындагы эң жеңил (57 кг) салмактагы чемпиону.
Шевченко атаандашы Нуньес менен болчу беттеши тууралуу үн катты