Мектеп салуу талкууланды. Кыргызстан менен Россиянын вице-премьерлери жолукту

Вице-премьерлер эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерине токтолушкан.
Sputnik
БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Министрлер кабинетинин биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Россиянын өкмөт башчысынын орун басары Алексей Оверчук менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
1 / 2

Министрлер кабинетинин биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Россиянын өкмөт башчысынын орун басары Алексей Оверчук менен жолукту

2 / 2

Ага ылайык, тараптар Москвада ЕЭК кеңешинин жыйынынын алкагында жолуккан. Вице-премьерлер эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерине токтолушкан.

Ага ылайык, тараптар Москвада ЕЭК кеңешинин жыйынынын алкагында жолуккан. Вице-премьерлер эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерине токтолушкан.
"Сүйлөшүүдө бажы тармагында кызматташууга өзгөчө көңүл бурулуп, тараптар көзөмөл-өткөрмө пунктуларын жарыктандыруу, Кыргызстандын аймагында Россия каражатына салына турчу тогуз мектептин курулуш иштери боюнча маселени талкуулашты", — деп жазылат маалыматта.
Радио
Бикулов: Кыргыз — Россия бизнес жолугушуулары натыйжасын берүүдө