Радио

Сатыбалдиева: кан донору маданиятын өстүрүшүбүз керек

Республикалык кан борборунун башкы директорунун орун басары Айганыш Сатыбалдиева аталган борбор кененирээк, башка имаратка муктаж болуп турганын айтты.
Sputnik
Өлкөдө кан донорлорунун 18 пайызын гана өз ыктыяры менен келип тапшыргандар түзөт. Дагы алты пайыздайы — акчага кан бергендер. Калган 70 пайыздан ашыгы туугандарына керек болгон учурда гана кан тапшырышат. Бул абдан төмөн көрсөткүч. Биз республика боюнча кан донорлугу маданиятын көтөрүшүбүз керек. Бул тууралуу Айганыш Сатыбалдиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда Кан борборунун имараты да тардык кылып, ар кандай окуялардан улам кан берүүчүлөр көбөйгөндө кандын запастарын сактоодо көйгөй жаратат.
"Баткендеги тажик тараптын куралдуу кол салуусунан улам жабыркагандарга кан бергендер күнүнө 500 адамга чейин жетти. Биз мындай учурда муктаж жарандарды кан менен камсыз кылууга милдеттүүбүз. Ошондуктан өз каалоосу менен келген ыктыярчылардын саламаттыгы жол бергендеринин баарынан баш тартпай кан алып жатабыз. Ошентсе да көйгөйлөр бар. Мисалы, кандын эритроциттери 35 күн сакталат, ал эми тромбоциттер беш эле күн. Плазманы үч жылга чейин сактоого болот. Мына ушул кан компоненттерин өз-өзүнчө тиешелүү жабдууларга салуу керек. Имаратыбыз кичинекей болгондуктан жабдууларды тиешелүү талапта кармаганга тардык кылат. Ошондой эле массалык түрдө кан керектелген окуяларда элдин саны да көбөйүп, иштеген дарыгерлер жетишпей калат. Түшкө чейин кан алып, түштөн кийин аны компоненттерге бөлүп, сактоо иштерин жүргүзүп, бир эле дарыгер күнү-түнү иштегенге мажбур болот. Абалдан чыгуу үчүн, биринчиден, биздин борбордун имаратын чоңураак башка жайга которуу керек жана калк арасында кан донору маданиятын өнүктүрүү зарыл", — деди Сатыбалдиева.
Ал учурда кан берүүнү каалагандарды үч жума, бир ай, эки айдан кийин келүүгө чакырды.