Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Зеленский Израилдин курал-жарак жеткирбей жатканына таң калып, нааразы болду

Ал Израиль курал-жарактарын башка мамлекетке берип жатканын укканын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Украина президенти Владимир Зеленский Франциянын телеканалдарына берген маектеринин биринде Израиль Киев сураган курал-жаракты жеткирбей жатканына таң калып жатканын айткан. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Израилге эмне болгонун түшүнбөй жатам. Бул өлкө бизге бир да курал-жарак берген жок", — деген Зеленский.
Ал Израилде абал оор экенин түшүнүп жатканын айтып, бирок бул мамлекетти Киевге абадан коргонууга каршы система (согуштук курал) берүүгө чакырган.
"Алар өз аймагын коргош керек. Муну түшүнүп жатам. Бирок биздин чалгын топтон Израиль чындыгында бул системаларды башка мамлекеттин Коргоо министрлигине берип жатканын уктум", — деген Зеленский.
Буга чейин Россия НАТО Украинага курал-жарак жеткиргени үчүн альянска нота жөнөткөн. Атайын операциянын фонунда АКШ жана анын НАТОдогу өнөктөштөрү Украинага курал-жарак ташууну улантууда. Вашингтон Киев бийлигине аскердик жардам үчүн миллиарддаган долларларды бөлүп жатат. Ал эми Москва курал-жарак жеткирүү жаңжалды узартарын айтып келет.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Зеленский мойнуна алганы оң. АКШлык генерал Украинаны кыйратчу жагдайды атады