Чүй: Жаңы-Алыш айылынан өткөн трассада эне-бала бус койдуруп кетип көз жумду

Каза тапкан бөбөк эки жашта болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 93-чакырымында, тагыраагы, Жаңы-Алыш айылында адам өмүрүн алган жол кырсык болгонун Чүй ЖКККББнын маалымат кызматы билдирди.
Окуя 23-сентябрда болжол менен саат 19:30да катталган. Анда Mercedes-Benz Sprinter 412 үлгүсүндөгү жүк ташыган бус батыштан чыгышты көздөй баратып жөө эки адамды сүзүп кетип, 40 жаштагы Б.Ч.Д. аттуу аял жана анын эки жашар баласы кырсык болгон жерден мүрт кеткен.
Алдын ала маалыматтар боюнча, ал жерде жөө адамдар өтө турган чийин болгон эмес. Аял баласы менен жолго чуркап чыга калган.
Ысык-Көлдө жол кырсыктан 5 адам каза болуп, төртөө ооруканада жатат