Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Тизмеге кирбей калган. Тажикстандын кол салуусунан көз жумгандардын саны 62ге жетти

Көз жумган үч адам жоокерлерден эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Кыргызстанга Тажикстандын кол салуусунан улам Баткен облусунда куралдуу кагылыштан каза болгондордун саны 62 адамга жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Алдын ала маалыматтар боюнча, көз жумган үч адам жоокерлерден эмес, ооруканада дарыланып жаткандардын ичинен да өлүм учурлары катталган жок.
"Бул маркумдар — жай тургундар арасынан көз жумгандар. Мурда аларды туугандары жерге берип, бирок каза болгондордун тизмесине кошулбай калган", — деп түшүндүрүштү министрликтен.
Тажик тараптын кол салуусунан 198 адам жабыркаган. Алардын ичинен 61и амбулатордук шартта дарыланууда. Калгандары Бишкек, Ош жана Баткендин ооруканаларында. Бардыгына керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатканы айтылып, дары-дармек, кан жетиштүү экени кошумчаланды.
Жай тургундардан чек ара сакчыларын түзүп, курал берүү мыйзамы сунушталды