БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Жекшембиде күндүз тоолуу райондордо өткүн өтөт, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +27...+32, Талас жергесинде +28...+33, Ысык-Көл аймагында +20...+25, Нарын өрөөнүндө +21...+26 градус болот.
Борбор калаада жана Ош шаарында күн 30... 32 градуска чейин ысыйт.