Путиндин сөзүн бурмалап жатышса керек. Жапаров техника тууралуу

Президентке Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине берилген техникалар тууралуу суроо узатылган.
Sputnik
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Россия лидери Владимир Путиндин Кыргызстанга берилген техника тууралуу сөзүн "недоброжелателдер" бурмалап жатканын четке каккан жок. Бул туурасында мамлекет башчы "Кабар" улуттук маалымат агенттигине берген маегинде суроого жооп берип жатканда айткан.
Журналист "Владимир Путин менен акыркы жолугушууңузда ал "Кыргызстанга техника бердик" деди. Кечээ жакында эле "ӨКМге техникаларды өзүбүз сатып алдык" деген маалымат тарады эле. Ошондо өзүбүз алганыбыз калппы, түшүндүрүп ачыктап берсеңиз" деп собол узаткан.
Жапаров ал президент болуп келгени Россиядан ӨКМге бир да техника алына электигин айтып, төмөнкүлөрдү кошумчалады.
"Владимир Владимирович бир тик учак жана өрт өчүргүч автоунааларга кол коюлган, эми беребиз деген сөздү айтты. Тагыраагы, жакын арада жиберебиз деди. Анын сөзүн "недоброжелателдер" бурмалап жатышса керек. Өткөндө ӨКМге алынган бир тик учак жана башка техникалар 100 пайыз өзүбүздүн бюджеттин эсебинен сатып алынды", — деген Жапаров.
Путин: Россия Кыргызстанга 1,3 млрд. рублге өрт өчүрүүчү техника, тик учак берет