Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Жапаров: Баткендеги кыргыз айылдарына кол салгандарга катуу сокку уруп, кууп чыктык

Президент азыркы армиянын дарамети душмандын мизин кайтарганга жетерин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Кыргыз айылдарына кол салгандарга катуу сокку уруп, кууп чыктык. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" улуттук маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.
Мамлекет башчы Тажикстан менен Кыргызстандын чек араларындагы айылдарда үйлөр шахматтын бетиндей болуп жайгашып калганын эске салды.

"Биздин айылдарды тебелеп кетти" деген сөзүңүзгө жооп берейин. Союз чачыраганы биздин эл үйлөрүн сатып, Бишкекке же Россияга мигрант болуп кетишкен. Биз жакка алардын чабуулу башталганда ошол шахмат бетиндей болуп калган айылдарда жашаган калкыбызды былтыркыдай болбосун деп эвакуация кылып кеттик. Айыл бош калды. Алар бош калган үйлөрдү өрттөп, мектепке желегин илишти. Бирок кийин жооп катары сокку уруп, баарын бошотуп, кууп чыктык", — деди Жапаров.

Ошондой эле ал азыркы армиянын дарамети душмандын мизин кайтарганга жетерин белгиледи.
"Өзүбүз катылбайбыз, катылгандын катыгын беребиз. "Итке минген" армиябыз эми "атка минип" турат десек болот. Бирок муну менен токтолуп калбайбыз. Коргонуу үчүн дагы күчтөп жатабыз", — деди мамлекет башчы.
Президент бир жыл ичинде колдон келишинче, акчанын жетишинче заманбап курал-жарактар менен камсыздаганын кошумчалады.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Тажикстандын кол салуусунан Баткенде 1 158 объект талкаланган, анын 613ү турак үй