РФтин курама командасынын машыктыруучусу эртеңки футбол беттеши тууралуу оюн бөлүштү

Футбол боюнча Кыргызстан — Россиянын жолдоштук беттеши эртең, 24-сентябрда, Бишкекте өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Россиянын футбол боюнча курама командасынын машыктыруучусу Валерий Карпин спорттук таймаш алдында өткөн маалымат жыйынга катышты.
Карпиндин айткандарынын негизги учурларына токтолобуз:
Атаандашыбызды өтө терең изилдеген жокпуз, бирок Кыргызстан курамасынын оюндарынын негизги ньюанстарын карап чыктык, мисалы, анын "кайра кантип куралышын" (көптөгөн беттештерин көрүп, спортчуларыбызга негизги маалыматтарды бердик);
Бул Карпиндин Россия курамасынын машыктыруучу кызматындагы алгачкы беттеши. Анда "эксперимент жасап, тобокелдиктерге барып көрсө болот", мурда ар бир упай, гол үчүн таймашып эксперимент жасап көрүүгө убакыт жок эле;
Команданын оюнга биринчи чыга турган курамы аныкталып калды, бирок эртең дагы такталат;
Бүгүн эки өлкөнүн Футбол федерацияларынын кызматкерлери арасында беттеш өтүп, Карпин анын бир голун (башка экөө эсептелген) эсепке алышпаганына нааразы экендигин жашырган жок.
1 / 4

Россиянын курама командасынын футболчулары Бишкекте Кыргызстан курама командасы менен беттеш алдында машыгуу учурунда

2 / 4

Россиянын курама командасынын футболчулары Бишкекте Кыргызстан курама командасы менен беттеш алдында машыгуу учурунда

3 / 4

Россиянын курама командасынын футболчулары Бишкекте Кыргызстан курама командасы менен беттеш алдында машыгуу учурунда

4 / 4

Россиянын курама командасынын футболчулары Бишкекте Кыргызстан курама командасы менен беттеш алдында машыгуу учурунда

Футбол боюнча Кыргызстан — Россия курама командаларынын жолдоштук беттеши эртең, 24-сентябрда, Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.
КРдин курама командасынын машыктыруучусу РФ менен болчу оюн алдында эмне деди