Радио

Ырсалиев: токой маселеси боюнча эл аралык конференция өттү

Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматынын директорунун орун басары Бактыбек Ырсалиев Бишкекте токой ресурстарын калыбына келтирүү жана көбөйтүүнүн инновациялык ыкмалары талкууланганын айтты.
Sputnik
Бишкекте токой чарбасынын 75 жылдыгына арналган "Климаттын өзгөрүү шарттарында тоо токой экосистемаларын туруктуу башкаруу" темасындагы эл аралык илимий-практикалык конференция өттү. Иш-чарага Казакстан, Өзбекстан, Түркия жана Кореянын токой тармагынын өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу Бактыбек Ырсалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматы Кореянын Азия токой кызматташтыгы уюмуна кирди.
"Конференцияга келген коноктор токой ресурстарын сактоонун, калыбына келтирүүнүн жана көбөйтүүнүн практикалык инновациялык ыкмалары жөнүндө айтып беришти. Иш-чара Германия өкмөтүнүн тапшырмасы менен Deutsche Gesellschaft für Internationale Zusammenarbeit (GIZ) Германия эл аралык кызматташуу коому тарабынан ишке ашырылган "Борбордук Азиядагы климаттын өзгөрүүлөрүн эске алуу менен жерди интегративдүү пайдалануу" регионалдык программасынын колдоосунда уюштурулду. Токойду пайдаланууну башкарууга интеграцияланган мамилелерди ишке ашыруу үчүн алкактык шарттарды өркүндөтүү, токойду башкаруунун системасы жана инвентаризациялоонун натыйжалары, жерди аралыктан изилдөө, токой ресурстарынын кошумча наркынын тизмегин пайдалануу менен тарыхый картага түшүрүүнүн негизинде токой катмарынын өзгөрүүсүн идентификациялоо боюнча иштин натыйжалары, чакан жасалма мөңгүлөрдү түзүү жана башка маселелер тууралуу кызуу талкуу жүрдү", — деди Ырсалиев.
Ал жолугушуунун жыйынтыгында заманбап үрөн сактоочу кампа уюштуруу пландалып жатканын кошумчалады.