Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

УКМК: "Тамдык" кыргыз тараптын көзөмөлүндө, тажик жарандары заставадан чыгарылды

Тажик тарап учурдан пайдаланып заставанын аймагын тазалоого аракет кылган.
Sputnik
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. УКМКнын Чек ара кызматы тажик тарап "Тамдык" заставасын экскаватор менен түрттүрүп жаткан видео боюнча маалымат берди.
Билдирүүгө ылайык, тажик тарап учурдан пайдаланып заставанын аймагын тазалоого аракет кылган
"Тажикстандын жарандары "Тамдык" чек ара заставасында жүргөнү тууралуу маалымат түшөрү менен тийиштүү чаралар көрүлдү. Натыйжада тажик жарандары заставанын аймагынан чыгарылды. Азыркы тапта Баткен багытындагы чек ара өкүлчүлүгүнүн көзөмөлүндө", — деп айтылат маалыматта.
Чек ара кызматы "Тамдык" заставасындагы айыгышкан салгылаш тууралуу айтып өттү. Тажик тарап чек ара заставасын артиллериялык куралдан аткылап, көптүк кылып заставага кол салган.
"Чек ара заставасынын башчысы өз өмүрүн кыйып, заставанын өздүк курамына үстөмдүк кылган бийиктикке чыгууга, аскер кызматкерлерине душмандын тең эмес күчтөрү менен салгылашып, андан соң манёвр жасоого мүмкүнчүлүк берген. Массалык аткылоонун натыйжасында "Тамдык" заставасынын бардык инфраструктурасы талкаланган", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, социалдык тармактарда тажик жарандары "Тамдык" заставасын түрттүрүп жатканы тууралуу видео тарап, талкууланып жаткан.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Баткендеги кол салуудан талкаланган имараттардын саны. Инфографика