Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Спорт сарайында Баткенге жардам чогултуу боюнча түзүлгөн штаб жабылды

Эми Бишкектин төрт районунда консультативдик чакан штабдар иштейт.
Sputnik
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Тажикстандын Баткендеги чек арасына кол салуусунан жабыркаган жарандарга жардам топтоо боюнча түзүлгөн Республикалык штаб өз ишин жыйынтыктады. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат борборунун жетекчиси Назгүл Жамгырчиева социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Аталган штаб Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайынын имаратында иштеп жаткан.
"Мындан ары борбор калаанын төрт районунда консультативдик чакан штабдар иштеп баштайт, кайрылган жарандарга жардам берүү улантылат. Ал эми 1227 номериндеги күнү-түнү жооп берген байланыш борбору мурдагыдай тартипте иштейт", — деп айтылат маалыматта.
Консультативдик чакан штабдардын дареги:
Биринчи май райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы, Жибек жолу проспектиси, 495-Б. Байланыш телефону: 0312670433, 670494.
Свердлов райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы, Чүй проспекти, 28. Байланыш телефону: 0312530335, 533102.
Октябрь районунун социалдык өнүктүрүү башкармалыгы, Байтик баатыр көчөсү, 17. Байланыш номерлер: 0312510263, 570459.
Ленин райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы, Литвенко көчөсү, 2. Байланыш номери 0312653746, 653721.
Баткен облусунун аймагындагы куралдуу кармаштан жабыркагандарга жана эвакуацияланган жарандарга жардам топтоо боюнча өлкөнүн бардык облус, райондорунда пунктулар ачылган. Алардын ичинен эң башкы пункт Спорт сарайында түзүлгөн.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Баткенге гуманитардык жардам чогулткан кыргызстандыктар. Сүрөттөр