Сербия президенти: дүйнөдөгү кырдаал ири жаңжалга жакындап калды

Ал Батыштын Россия жана Кытай менен мамилеси оорлошору күтүлүп жатканын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Дүйнөдөгү кырдаал өтө чоң жаңжалга жакындап калды. Бул туурасында Сербиянын президенти Александр Вучич БУУнун башкы ассамблеясынын аянтчасында билдиргенин РИА Новости жазды.
Ал Сербияда пенсия менен маяналар инфляциянын өсүшүнөн алда канча жогору болорун белгилеген.
"Ал эми жалпы дүйнөдөгү кырдаал боюнча айтсам, атайын операциянын фазасында биз ири аскердик жаңжалдын чыгышына жакындап калдык деп болжойм. Маселе анын чеги кайда экенинде. Балким бир же эки айдан кийин Экинчи дүйнөлүк согуштан бери боло элек ири аскердик жаңжал чыгар. Биз үчүн, коопсуздукта жашагысы жана жарандарынын коопсуздугун камсыздагысы келгендер үчүн жакшы кабар эмес", — деди Вучич.
Ошондой эле ал Батыштын Россия жана Кытай менен мамилеси оорлошору күтүлүп жатканын белгилеген.
Афганистандыктардын чыдамы кетип баратат. БУУнун билдирүүсү