Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Жапаров: жер бере салып маселени чечпейбиз, кашык каныбыз калганча күрөшөбүз

Мамлекет башчы жакында мурдагы бийлик берип жиберген кайсы жерлер кайтарылганы ачыкка чыгарын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Мен мурдагыларга окшоп жер бере салып маселе чечпейм, ар бир сантиметр жер үчүн кашык каныбыз калганча күрөшүүбүз керек. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" улуттук маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.
Журналист "талаш жерлерди бере салып эле маселени чечип салбайсызбы? деген суроо узаткан.

"Мен мурдагылардай жерлерибизди бере салып эле маселе чечип салгыдай, аттарын атагандан да жийиркенип турам, саткын эмесмин. Тескерисинче, алар берип жиберген жерлерди кайра алып жатабыз. Жакында кайсы жерлер кайтарылганы ачыкка чыгат. Ар бир сантиметр жер үчүн баарыбыз кашык каныбыз калганча күрөшүүбүз керек", — деди Жапаров.

Мамлекет башчы азыркы муун ата-бабалардан ар бир карыш жерди келечек муунга мурас катары өткөрүп беребиз деп карызга алган деп эсептейт.
"Ме" деп эле кармата салгыдай Кыргызстандын жерлери сен экөөбүздүн менчигибиз эмес. Бул жерлер үчүн ата-бабаларыбыз дагы канын, жанын аяган эмес. Биз дагы аябайбыз. Келечек муун дагы аябаш керек. Анткени ал миңдеген жылдарга учугу улана турган келечектеги кыргыздардын жери", — деди президент.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Жапаров: Баткендеги кыргыз айылдарына кол салгандарга катуу сокку уруп, кууп чыктык