Кыргызстанга смартфондор Кытайдан башка дагы беш өлкөдөн келет. Тизме

Жети ай аралыгында республикага жалпы жонунан 66 миллион долларлык телефон кирген.
Sputnik
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Быйылкы жылдын январынан июль айына чейин Кыргызстанга 968 миң смартфон импорттолгон. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Товар жалпы 66,4 миллион долларга бааланууда.
Статком кайсы өлкөдөн канча телефон алып келингенин да тизмектеп берди:
Кытай — 871,1 миң;
Индия — 56,3 миң;
Вьетнам — 27,7 миң;
Корея — 8,8 миң;
Казакстан — 3,1 миң;
АКШ — 180.
Статистика комитети былтыркы жылдын ушул мезгили үчүн маалыматын берген эмес.
Быйыл Кыргызстанга 2021-жылга салыштырмалуу 3 эсе көп автоунаа импорттолду