Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Чек арага чептей туруп курман болгон кыргыздын кыраандары

Шейит кеткен эр азаматтардын көбү үйлөнүп үлгүрө элек жаш жигиттер. Эң кичүүсү 19 жашта болсо, улуулары кырктын кырынан эми гана өткөн...
Sputnik
Кыйылган кырчын өмүрлөр, сыздаган энелер, атасыз калган балдар... 2022-жылдын 16-сентябры кыргыз тарыхында кара тамгалар менен жазылып калат. Дал ушул күнү коңшу Тажикстан кара ниеттик менен Кыргызстанга кол салып, анын кесепетинен эл 59 кулунунан ажырады. Көбү куралдуу күчтөрдүн кызматкерлери жана армияда кызмат өтөп жаткан жоокерлер эле.
Төмөндө Тажикстандан куралчан адамдар чек арага бастырып кирген учурда алардан мекенди коргоп жатып курман болгон эр азаматтардын тизмеси.
Тизме толукталат.

Эламан Ураимов, 29 жашта

Кыргыз-тажик чек ара жаңжалында курман болгон баатыр, батальондун командири Эламан Ураимовдун сөөгү Кара-Суу районунун Савай айылында жерге берилди. Ал Тажикстан тараптан кол салгандардын курчоосунда калып, туткунга түшпөс үчүн өзүн жардырып, 5-6 тажик аскерин да "ала кеткен". Эламандын мындай эрдигине жалпы кыргыз эли сыймыктанууда.
Баатырдын артында бир уул, бир кызы калды. Ал Суворов мектебин, кийин Калыйнур Үсөнбеков атындагы Аскер институтун аяктап, Чек ара кызматынын Баткендеги бөлүмүндө кызмат өтөп жаткан. Капитан, батальондун командири болгон.

Нурсултан Жаныбеков, 27 жашта

Кыргыз-тажик куралдуу кагылышуусунда баатырларча курман болгондордун бири Нурсултан Жаныбековдун сөөгү 18-сентябрда өзү туулуп өскөн Нарын районунун Оттук айылында жерге берилди. Мектептин 9-классын аяктаган соң агрардык-экономикалык колледжге окууга тапшырган.
2014-жылдын 9-апрелинде Ош облусундагы №92843 аскер бөлүгүнө аскердик кызматка чакырылган. Армиядан кийин Мамлекеттик чек ара кызматынын №2025 аскердик бөлүгүнө ишке кирген. Нурсултан Жаныбеков үй-бүлөдө төрт бир туугандын улуусу болчу.

Бектур Ыслам уулу, 31 жашта

Бектур Ош шаарына караштуу Жапалак айылында төрөлгөн. Ош мамлекеттик университетинен билим алып, 2008-2009-жылдары Жалал-Абадда аскерде кызмат өтөп, андан кийин чек ара кызматында иштеген. Ал куралдуу күчтөрдүн катарында Баткендин бардык аймактарында чек арада болуп, соңку жылдарда №2001 аскер бөлүгүнүн Лейлек автожол көзөмөл өткөрүү бекетинде улук көзөмөлдөөчү эле.
Бектур Ыслам уулунун артында эки баласы жана 7 айлык кош бойлуу келинчеги калды.

Мухтарбек Сулайманов, 25 жашта

Ал мындан туура үч ай мурун үйлөнгөн. Кандуу кагылышта 16-сентябрда Баткендеги Самаркандек айылында ок тийип облустук ооруканага жеткирилгенин, бирок эсине келбей каза болгонун жакындары билдиришти. Мухтарбек Россиянын Санкт-Петербург шаарындагы аскердик академиясын ийгиликтүү аяктаган. Сөөгү Алай районунун Гүлчө айылында жерге берилди.

Жаныбек Якубов, 25 жашта

Лейлек районунун Маргун айылында туулган. 17-сентябрга караган түндө Жаныбек Якубов Лейлек районунда ок-дары жүктөлгөн аскердик унааны айдап бара жатканда тажик тараптан атылган миномёттун сыныктары тийип, көз жумган.
"Жаныбек үйлөнө элек болчу, беш бир туугандын эң кенжеси", — дешти жакындары.

Нурбек Баратов, 19 жашта

Кырчындай кезинде өмүрү менен коштошкондордун бири Нурбек.
"Ал Кулунду чек ара заставасында Тажик тараптан кол салуу учурунда көз жумду. Нурбектин ата-энеси Россияда иштейт. Алар Москвадан келгенче сөөгү жерге берилип, жалгыз эркек баласына топурак сала албай калышты", — деди маркумдун аяш атасы.

Чыңгыз Акчалов, 23 жашта

Чыңгыз Талас облусунун Манас Ата районуна караштуу Бала-Саруу айылында туулган.
"Жакында эле ага лейтенант наамын алган, күздө үйлөнөм деген жакшы тилеги бар болчу", — деди досу Сыймык Саипов.
Бир тууган агасы Чыңгыз Кыргызстандын атынан Россиядагы парадга, Эл аралык танк биатлонуна катышканын айтты.
"Сен аскерлериңдин командири, мага үлгү, иним, атам менен апамдын кулуну, элиңдин баатырысың. Эч качан унутулбайсың. Мекен деп курман болдуң", — дейт агасы Бекболсун Акчалов.

Айбек Ысманов, 35 жашта

Кыргыз-тажик чек ара кагылышында ӨКМдин куткаруучусу Айбек Ысманов ок тийип каза болду. Анын артында үч баласы калды. Ысманов 12 жылдан бери ӨКМдин Баткендеги бөлүмүндө иштеп келген.
"Бир боорум, буту ооруп жатса да мекенге кызматым керек деп иштеп жүргөн. Аксай элин эвакуация кылып жатып душмандын огунан каза болду", — деди иниси Асылбек Ысманов.

Агадил Канатбеков, 23 жашта

Чек арада чептей туруп курман болгон Агадил Канатбековдун сөөгү Жети-Өгүз районунун Тосор айылында жерге берилди. Прапорщик Канатбеков мектептин 9-классын аяктап, Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы колледжде "Унаадагы ташууларды уюштуруу жана башкаруу" адистиги боюнча билим алган. 2018-жылдын октябрында аскер кызматына чакырылып, аны ийгиликтүү өтөп келген. Ушул жылдын март айында Баткен облусунда жайгашкан Чек ара кызматынын №2053 аскер бөлүгүнө келишимдик негизде иштөөгө жөнөтүлгөн. Үй-бүлөдө беш бир туугандын төртүнчүсү болчу.

Апсамат Жекшенбек уулу, 24 жашта

Ат-Башы районунун Терек-Суу айылында туулуп өскөн. Апсаматтын жакындары анын мекенчилдик сезими өтө бийик болгонун айтышат. Анварбек Чортеков атындагы мектепти ийгиликтүү аяктаган соң, генерал-лейтенант Калыйнур Үсөнбеков атындагы аскер институтуна тапшырат. Майлуу-Суудагы №12544 аскер бөлүгүндө 2-тоо аткычтар ротасынын 1-тоо аткычтар взводунун командири болуп элине кызмат өтөп баштайт. Андан соң Баткендеги чек арага аскердик кызматын өтөөгө кеткен. Аскерге баруу Апсаматтын бала чагынан берки кыялы эле...

Даниел Малашов, 24 жашта

Даниел курман болгондон бир күн мурун ата-энеси менен байланышып, беш күндөн кийин аскердик кызматын аяктап, үйгө кайтарын айткан. Муну уккан ата-энеси үйдүн жалгыз эркек баласы болгон Даниелди күтүп алууга кызуу камынып жаткан. Улак тартканды жактыргандыктан атасы ага жылкы алып даярданган. Бирок Даниел бул күндөрдү көрбөй калды. Ал чек араны коргоп жатып шейит кетти.
18-сентябрда анын сөөгү өзү туулуп өскөн Сузак районунун Кара-Чолок айылында жерге берилди.

Айбек Абдилабеков, 29 жашта

Баткенде тажик аскерлеринин кол салуусунан ИИМдин 29 жаштагы кызматкери Айбек Абдилабеков каза болду. Маркумдун артында үч жашар баласы калды. Айбек Абдилабеков Ички иштер министрлигинин №707 аскер бөлүгүндө катардагы жоокер болгон.

Айдарбек Айбеков, 19 жашта

Токтогул районунун Камыш-Башы айылында туулган. Мекенди коргоо үчүн өз ыктыяры менен Баткен облусунда аскердик милдетин өтөп жаткан. Ал адегенде алты ай кыргыз-өзбек чек арасында кызмат өтөп, кийин Баткендеги аскердик бөлүктөргө которулган. Аскерден кайтып келишине саналуу гана күндөр калган болчу...

Жеңиш Иманбеков, 22 жашта

Жаңжалда курман болгон 22 жаштагы Жеңишбек Иманбек уулунун сөөгү кичи мекени Жумгалдын Миң-Куш айылында жерге берилди. Облустук администрация билдиргендей, ал үй-бүлөдө беш бир тууган. Маркум аскерде 2019-жылы кызмат өтөп, келишимдин негизинде иштеп жаткан.

Манас Баатырбеков, 27 жашта

Кенже сержант Баатырбеков Ак-Сай айылындагы "Головной" суу тосмосу аймагын Тажикстандын аскерлеринен коргоп жатып курман болду. Ага снаряддын сыныктары тийип, ошол жерде шейит кеткен. Ал ИИМдин Ички аскерлеринин кенже сержанты эле, Баткен облусунун Базар-Башы айылында туулган.

Дурус Каныбек уулу, 30 жашта

Чек арага чептей туруп курман болгон баатырлардын бири Дурус Каныбек уулу ИИМдин №707 аскер бөлүгүнүн улук сержанты эле.

Ачылбек Ташбеков, 39 жашта

ИИМдин ички аскерлеринин №707 бөлүгүнүн улук сержанты Ачылбек Ташбеков мекен чегинде кызмат өтөп жатып курман болгондордун катарында. Ал Баткендин Базар-Башы кварталында туулган. Маркумдун артында беш баласы калды.

Мыктыбек Мурзажанов, 23 жашта

16-сентябрда Тажикстандын кол салуусуна каршы туруу учурунда курман болгон Мыктыбек Мурзажанов ИИМдин "Шумкар" атайын багыттагы полкунун өзүнчө ротасынын кызматкери болгон. Мектепти аяктаган соң өз ыктыяры менен аскерде кызмат өтөөгө кеткен. Андан кийин ата-энесине атайын багыттагы полкко кирүү оюн билдирип, алардын макул болбогонуна карабай бардык тандоо турларынан өтүп кеткен. Ал өтө мекенчил болчу деп эскеришет жакындары. Мыктыбек Баткен облусунун Айдаркен шаарында төрөлгөн, үй-бүлөдө төрт бир туугандын кенжеси эле, октябрь айында үйлөнүүнү пландап жаткан.

Бекмырза Шарабидин уулу, 26 жашта

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта Лейлектеги "Кулунду" чек ара бекетин аткылоодо курман болгон. Бекмырза акыркы эки жылдан бери аталган бекетте иштеп келген. 2015-жылы Улуттук гвардияда бир жыл кызмат өтөп, 2016-жылдан бери келишимдик негизде Чек ара кызматында аскер кызматкери болуп иштеген.
Шарабидин уулу 2021-жылы жаз мезгилинде Тажикстан менен болгон куралдуу кармашууга да катышкан.
"Иним үйлөнө элек болчу, быйыл октябрда үйлөнсөм деп ниеттенип жаткан. Өткөн жылы иниси үйлөнгөндө баарыбыз топтолгонбуз, ошондо "мен кызмат кылышым керек" деп үйлөнбөй кайра кызматка кеткен. Эми анын тоюнда топтолобуз деп турганда бул кайгылуу окуя болду", — деди эжеси Гүлшайыр Абдирасулова.
Маркумдун сөөгү өзү-туулуп өскөн Ноокен районунун Жаңы-Арык айылында жерге берилди.

Мирлан Какеев, 34 жашта

Какеев 2006-жылдан бери Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде иштеген. Маркумдун жакындары мекенди коргоо деген тилеги аны алыскы Баткенге тартып туруп алганын айтышат. 2022-жылдын июнь айында Баткен облусундагы №707 аскер бөлүгүнө келишимдин негизинде кызмат өтөөгө которулган.
Какеев турмуштун оор сыноосун эрте тарткан. 11 жашында ата-энесинен ажыраган. Үй-бүлөдө жети бир туугандан кенжеси болчу. Артында эки баласы калды.
Мирлан Какеевдин сөөгү өзү туулуп өскөн Аламүдүн районунун Константиновка айылында жерге берилди.

Алишер Набиев, 22 жашта

Ал Чек ара кызматынын Лейлек районунун Кулунду айылындагы бекетинде келишимдик негизде иштеп жаткан. Өзү да аталган айылдын кулуну эле. Ага чейин өз ыктыяры менен аскерде кызмат өтөгөн. Алишер үй-бүлөдө бир туугандардын улуусу эле. Ушул күздө үйлөнөм деп ниеттенип, Россияда иштеп жаткан атасы келген.

Умарбек Курманбеков, 20 жашта

Чек арада Тажикстан аскерлеринен мекенди коргоо учурундагы атышууда Базар-Коргон районунун Коткор айылынын кулуну Умарбек Курманбеков да шейит кетти. Анын сөөгү 19-сентябрда жерге берилди.
Умарбек 2021-жылдын сентябрь айында аскерге чакырылган. Кызматын аяктоого болгону үч күн калган.

Эрлан Турсунбаев, 26 жашта

Баткенде чек араны коргоодо баатырларча курман болгон Эрлан Турсунбаевдин сөөгү Токтогул районунун Көтөрмө айылында жерге берилди. Ал 1996-жылы Жайыл районунун Кара-Балта шаарында туулган. 2012-жылы Кара-Балта шаарындагы техникалык институттун экономика жана бухгалтерия кесибине ээ болгон. 2015-2019-жылдары Алматы шаарындагы улуттук коопсуздук комитетинин чек ара академиясын аяктаган. 2022-жылы Тамдык чек ара заставасынын башчысы болуп дайындалган.
Эрлан Турсунбаев каргашалуу күнү Тамдык чек ара заставасынын өздүк курамын коопсуз жайга чыгаруу үчүн каршылаштар менен аягына чейин аткылашып жатып душмандын огунан курман болгон.

Илимбек Мурзаев, 27 жашта

Илимбек Чек ара кызматынын атайын багыттагы "Бөрү" отрядынын прапорщиги болгон. Тажикстандын бастырып кирген аскерлеринен Ак-Сай аймагын коргоо учурунда жанына снаряд түшүп курман болгон. Мурзаев "Бөрү" отрядына чейин Улуттук гвардияда үч жыл кызмат өтөп, андан кийин "Бужум" аскердик бөлүгүндө иштеген. Анын артында бир жаштагы кызы калды.

Нурислам Карыбеков, 19 жашта

Нурислам Тажикстандын аскерлери кол салган учурда алгачкылардан болуп аларга каршы тургандардын бири. Өзү жарадар болгонуна карабастан жолдошторунун ыңгайлуу позицияга жайгашуусун камсыздаганын жакындары белгилешет. Анын аскердик кызматынын аякташына бир жума калган, бирок мекен чегинде эрдик жасап курман болду. Карыбеков Сузак районунун Багыш айыл аймагында туулган. Лейлектеги атайын дайындалган "Бөрү" отрядында кызмат өтөп келген.

Данияр Казакбаев, 24 жашта

Данияр үй-бүлөдө беш бир туугандын үчүнчүсү эле, Чүйдөгү Токмок шаарында туулуп өскөн. Чек ара аскерлеринин прапорщиги. Тажикстандын аскерлери Кыргызстандын аймагына бастырып киргенде мекенин коргоодо баатырларча курман болду. Данияр Казакбаевдин сөөгү 20-сентябрда жерге берилди.

Баатырбек Райымкул уулу, 42 жашта

Төрт баланын атасы Баатырбек Райымкул уулу "Бөрү" атайын багыттагы отрядынын чалгынчы-фельдшери болуп кызмат өтөп жаткан. 2014-жылы Ата Мекенди коргоого кошкон эрдиги үчүн Эрдик медалы менен сыйланган. Маркумдун сөөгү Кара-Балта шаарында жерге берилди.

Бекболсун Рысбек уулу, 22 жашта

Бекболсун өз ыктыяры менен аскерге кызмат өтөөгө барып, ошол бойдон Баткенде куралдуу күчтөрдүн катарында калган. Ал Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Абад айылында туулган. Үй-бүлөдө беш бир туугандын кичүүсү эле. Курман болгон жоокердин сөөгү өзү туулуп өскөн айылында жерге берилди.

Наркозу Мамасадыков, 21 жашта

Наркозу Чек ара кызматынын №2053 атайын багыттагы "Бөрү" отрядынын прапорщиги болчу. Кадамжай районунун Чечме айылында туулган. Ал Баткенде Ак-Сай айылында Тажикстандын аскерлери менен кармашкан. Куралдуу кармашта жаракат алып, курман болгон.

Рашид Бердибаев, 19 жашта

Рашид Бердибаев Кара-Кулжа районунун Жетим-Дөбө айылында туулган. Мектепти аяктап Бишкектеги Калыйнур Үсөнбаев атындагы аскердик окуу жайга тапшырган. 2021-жылдын сентябрь айында аскердик кызмат өтөөгө Баткен облусуна жөнөтүлгөн.
“Ал мектепте көп ийгиликтерге жетишкен, шайыр, активдүү, алдыңкы окуучулардын бири эле. Аскердик кызматын өтөп жатканда да активдүүлүгүн көрсөтүп “Эң активдүү, кыраан жаш жоокер” сыйлыгына ээ болгон ", — дешти жакындары.

Гүлжигит Бектенов, 27 жашта

Бектенов Лейлек районундагы Исхак Раззаков атындагы №2021 атайын багыттагы "Бөрү" отрядынын 1-тобунун командири эле. 2017-жылы Казакстандын Чек ара академиясын аяктаган. Ошол эле жылы Лейлек районунда "Бөрү" атайын отрядында кызмат өтөп баштаган. 2019-жылы "Даңк" медалы менен сыйланган. 16-сентябрда Баткенге кол салган тажик аскерлер менен атышуу учурунда курман болду. Сөөгү өзү туулуп өскөн Ноокен районунун Кызыл-Туу айылында жерге берилди.

Баяман Акылбек уулу, 27 жашта

УКМКнын Чек ара кызматынын “Бөрү” атайын багытындагы отрядынын дагы бир курман болгон жоокери — прапорщик Баяман Акылбек уулу. Баяман Ала-Бука районунун Жапа-Салды айылында туулган. Ал 17-сентябрда Тажикстандын аскерлери Баткендеги чек ара аймагына бастырып кирген учурда каршылык көрсөтүп жатып ок тийип каза болгон.

Арыстаналы Асатбек уулу, 19 жашта

Ала-Бука районунун Теңги айылында туулуп өскөн Арыстаналы Чек ара кызматынын №2022 аскер бөлүгүнүн Капчыгай чек ара заставасында кызмат өтөп жаткан. 19 жаштагы жигит чек арага чептей туруп, каршылаштар менен кармашуу учурунда шейит кетти

Марат Ташмурзаев, 20 жашта

Үйлөнө элек, артында туяк калбай шейит кеткен эр-азаматтардын катарында Мурат да бар. Ал Баткен районунун Айдаркен шаарында төрөлгөн. Бир үй-бүлөнүн жалгыз уулу болчу.

Бейкут Алмаз уулу, 26 жашта

Бейкут Алмаз уулу ата-энесинин жолун жолдоп аскердик кызматты тандап алган. Мектепти аяктап Бишкек шаарындагы аскер институтуна окууга тапшырган. Андан кийин Баткен облусундагы чек ара заставаларына бөлүнгөн. Бейкут 2021-жылдын апрель айында болгон кыргыз-тажик чатагына да катышып, жарадар болуп, контузия алган. Анда көрсөткөн эрдиги үчүн "Эрдик" медалы менен сыйланган. Бейкут Алмаз уулу Нарын районунун Эчки-Башы айылында туулган, үй-бүлөдө үч бир туугандын улуусу болчу.

Рамазан Бактияр уулу, 22 жашта

Пограничник Рамазан Бактияр уулу, погибший в ходе пограничного конфликта в Баткенской области
Рамазан Талас облусунун Манас районуна караштуу Үч-Коргон айылында туулуп өскөн. Эки жылдан бери "Достук" чек ара заставасында келишимдик негизде иштеп жаткан. Үй-бүлөдө төрт бир туугандын улуусу эле.

Амангелди Балыкчиев, 20 жашта

Амангелди Балыкчиев Кемин районунун Бообек айылында төрөлгөн. Үй-бүлөдө үч бир туугандын ортончусу болчу. Чек араны басып кирген каршылаштардан коргоо учурунда шейит кеткен жоокердин сөөгү 19-сентябрда жерге берилди.

Кулатбек Абдисамат уулу, 31 жашта

Баткен районунун Ак-Татыр айылынын тургуну Кулатбек Абдисамат уулунун артында үч уул, эки кызы калды. Ал №2022 аскер бөлүгүнүн Орто-Боз чек ара тозотунун прапорщиги болчу, жети жылдан бери чек ара кызматында иштеп келген. 16-сентябрда тажик тараптын кол салуусундагы атышуудан курман болду.

Санжарбек Анаркулов, 27 жашта

Санжарбек Баткен облусунун Достук айылындагы чек ара тозотунда аскердик кызматта эле. Ал танкист болчу. "Иним Санжар Анаркулов кыргыз-тажик чек арасындагы согушта баатырдык жасап, жоокер достору менен танк аркылуу душманды Достук айылынан кууп, көптөгөн адамдардын өмүрүн сактап калды. Бирок душмандын аткылоосунан танк жарылып, курман болду ", — деп жазды агасы Нургазы Анаркулов.
Санжарбек танктын ичинде тирүүлөй өрттөлгөн экипаждын үч мүчөсүнүн бири эле. Анын сөөгү "Ата-Бейит" комплексине коюлду.

Махаматжан Мапаев, 42 жашта

Махаматжан Мапаев Баткен шаарында туулган. Чек ара кызматында иштеп жаткан. Ушул жылдын 16-сентябрында тажик тараптын миномёт менен аткылоосунан оор жаракат алып, мекенин коргоодо курман болду. Мапаевдин артында үч уул, бир кызы калды.

Медетбек Абдумалик уулу, 20 жашта

Мекендин чегинде чеп болуп, кызмат өтөп жаткан учурда көз жумгандардын бири – Медетбек Абдумалик уулу. Ал чек ара заставасынын фельдшери. Кыргыз-тажик чек ара кагылышуусунда бир нече аскерге жардам көрсөтүүгө үлгүргөн. Ок жаап жаткан талаада өзү да мойнунан жаракат алган, ага карабастан ок тийген солдаттарга жардам берүүнү уланткан. Кезектеги жоокерге жардам көрсөтүү үчүн барган учурда миномёт жарылып, ок жаап, аскер да, фельдшер да шейит кеткен.

Данил Таалайбек уулу, 20 жашта

16-сентябрда Тажикстандын аскерлери Баткен жана Лейлек районундагы чек арага жакын аймактарды аткылап башташканда Данил Ак-Сай айылындагы Капчыгай чек ара заставасында эле. Ал аскердик кызматын Лейлектеги "Айкөл" чек ара тозотунда өтөп, андан кийин өзүнүн айылы Ак-Сай айылында кызматын уланткан. Таалайбек уулу снайпер болчу.

Нургазы Мамытов, 34 жашта

Мамытов Баткен районунун Ак-Татыр айылында туулган. Ал чек ара заставасында фельдшер болуп иштеп жаткан болчу. Каргашалуу окуя болгон күнү Тажикстандын аскерлеринин огу тийген. Артында төрт кызы жана кош бойлуу жубайы калды.

Шерали Анаркулов, 31 жашта

Шерали Анаркулов Баткендеги №2053 чек ара тозотунда иштеп жаткан. Тажик тараптын бастырып кирүүсүнөн мекенди коргоо учурунда ал эки куралдашы менен кошо танкада тирүүлөй күйүп кеткен. Эрдиги тарыхта алтын тамгалар менен жазылып кала турган үч азаматтын сөөгү "Ата-Бейит" комплексинде жерге берилди.

Азамат Мирзакулов, 19 жашта

Азамат Мирзакуловдун сөөгү 20-сентябрда Ош шаарында жерге берилди. Ал үй-бүлөдө бир туугандардын эң кенжеси эле. Мирзакулов Баткен облусундагы Капчыгай чек ара тозотунда аскердик кызматын өтөп жаткан.

Тилек Жаңыбай уулу, 26 жашта

Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Кыргызстан айылында туулган Тилек Жаңыбай уулунун сөөгү "Ата-Бейит" комплексине коюлду. Ал №2053 аскердик бөлүктө кызмат өтөп жүргөн. Каргашалуу күнү эки жолдошу менен биргеликте танкта болчу. Каршылаштар ок гана эмес, оор жардыруучу куралдарды да колдонуп танк өрттөнүп кеткен. Тилек жана анын эки куралдашы тирүүлөй күйүп кетишти. Ал 2021-жылы танк биатлонунун жеңүүчүсү эле.