Садыр Жапаров КР жарандыгына кабыл алуу жана андан чыгуу жарлыктарына кол койду

Бул документтердин ичинен бешөө 1 790 адамды Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө.
Sputnik
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана андан чыгуу жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Жарлыктардын ичинен бешөө 1 790 адамды (1433ү чоңдор, 357си балдар) Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө. Маалым болгондой, булардын басымдуу бөлүгүн тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар түзөт.
"Ал эми бир жарлыгы 25 адамдын Кыргызстандын жарандыгынан чыгуусу жөнүндө", — деп айтылат маалыматта.
Жалпысынан 1 815 адам өтүнүч келтирген.
ИИМ Кыргызстанга келген мигранттарды текшерип бир нече кылмыштын бетин ачты