Быйылкы Көчмөндөр оюндарынын тумары бөлтүрүк болду. Видео

2018-жылдагы оюндары Ак илбирс белгиси менен өткөн эле.
Sputnik
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Түркияда өтө турган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын тумары бөлтүрүк деп таанылды. Маалымат ДКОнун социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.
Тумар болгон бөлтүрүккө түрк элдеринин тарыхый жери делген Өтүкендин аталышы коюлган.
"Дүйнө маданияттарын бириктирген IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Өтүкен биз менен болот. Арыба, Өтүкен!" — деп жазылган видеонун алдына.
Белгилей кетсек, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын тумары Ак илбирс болчу.
Быйыл Көчмөндөр оюндары 29-сентябрдан 2-октябрга чейин Түркиянын Изник шаарында өтөт. Буга чейин оюндар үч ирет Кыргызстанда өтүп, 2018-жылы эстафета Түркияга өткөрүп берилген.
Түркия сентябрда өтө турган Көчмөндөр оюндарынын проморолигин жарыялады