Түркиядагы көчмөндөр оюндары: көк бөрү мелдешке кошулуп, кыргыз күрөшү кирген жок

Буга чейин көк бөрү көрсөтмө иретинде гана ойнолору айтылып, кыргыз улакчылары нааразы болуп жаткан.
Sputnik
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Түркияда өтө турган Көчмөндөрдүн дүйнөлүк IV оюндарына көк бөрү жана алыш расмий мелдеш катары кирди. Бул туурасында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов билдирди.
Ал эми тогуз коргоол жана кыргыз күрөшү көрсөтмө оюн катары өтөрүн белгиледи.
Буга чейин көк бөрү Көчмөндөр оюндарынын программасына кирбей калып, көрсөтмө иретинде гана ойнолору айтылып, кыргыз көк бөрүчүлөрүнүн арасында нааразылыкты жараткан.
"Көк бөрү спортчулары машыгуу жыйындарын толук өтүшүп, бүгүнкү күндө даяр. Улакчылар 28-сентябрда учуп кетет", — деп жазды министр.
Көчмөндөр оюндарында көкпар, ашыртмалы аба күрөшү, капышмалы аба күрөшү, пахлавани, шалвар күрөшү, май күрөшү, бел боо күрөшү, кураш, мас-рестлинг жана салттуу жаа атуу боюнча мелдештер өтүп, аталган оюндарга кыргыз спортчулары да катышат.
Быйылкы Көчмөндөр оюндарынын тумары бөлтүрүк болду. Видео