ИИМ соцтармакта чагымчыл маалымат тараткан деп 20 адамды суракка алды

Милиция чагымчыл жана башка материалдарды тараткандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Социалдык тармактарда улуттар аралык кастыкты козутуп, чагымчыл маалымат тараткан деп 20 адам суракка алып келинди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Милиция акыркы күндөрү соцтармактарда улуттар аралык кастыкты козутууга түрткөн билдирүүлөр активдүү жарыяланып жатканын белгиледи.
"Ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан мониторинг жүргүзүү учурунда 20га жакын жаран аныкталып, тергөө кызматтарына жеткирилди. Алар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тергөө амалдары өткөрүлүүдө. ИИМ жарандарды социалдык тармактарда расалык, этностук¸ улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутууга (араздашууга) үндөгөн чагымчыл материалдарды бөлүшпөөгө чакырат", — деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле милиция өлкөнү туруксуздаштыруу максатында чагымчыл жана башка материалдарды тараткандар мыйзам чегинде кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертти.
Аны менен катар учурда өлкөдө жана чек арага чектешкен аймактарда коомдук-саясий абал туруктуу экени белгиленди.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Тажик жарандарына коркутуу, куугунтуктоо болгон жок. ИИМдин билдирүүсү