Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

"Эвакуация" дегенде бириң калбай чыгып кетишиң керек. Жапаров элге кайрылды

Атышуу болуп жаткан берге барган жай жарандар аскерлерге тоскоолдук жаратарын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. "Эвакуация" дегенде бириңер калбай чыгып кетишиңер керек. Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген маегинде жөнөкөй жарандарга кайрылды.

"Агрессия башталганда "эвакуация" дегенде бириңер калбай чыгып кетишиңер керек. Чек арачылар жана аскер адамдары гана калыш керек. Былтыр бизге, Башкы суу бөлүштүрүүчү жайга ("Головной водозабор") кол салуу болгондо, Баткенден жөнөкөй жаштар барып таш ыргыта баштаган. "Баары кайтсын, аскер адамдарга тоскоол болуп жатасыңар!" деп буйрук бергенимде укпай коюшкан. 17 киши бир эле жерден гранатамёттун жарылуусунан каза болуп калышты. Жалаң жаш балдар", — деди Жапаров.

Ошондой эле мамлекет башчы жаңжал чыккан учурда жарандардын Ак үйдүн алдына митингге чыгышын туура эмес деп эсептейт.
"Эгер армиябыздын күчү жетпей баратса, митингге чыгарып убара кылбай эле жылуу төшөктө жаткан жериңерден сууруп чыгып кетебиз. Бул мамлекеттин толук укугу. Ошондо чыныгы мекенчил экениңер көрүнөт. Бирок Кудай ага жеткирбесин деп тилейли", — деди президент.
Жапаров азырынча армиянын, күч түзүмдөрүнүн күч-кубаты жетиштүү экенин белгиледи.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Жапаров: жер бере салып маселени чечпейбиз, кашык каныбыз калганча күрөшөбүз