Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Байсалов: азыр бийликти жөнү жок сындап, өзүн-өзү жарнамалай турган убак эмес

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары бийлик менен элдин ортосундагы ишенимди бузууну көздөгөн адамдар тарабынан байма-бай негизсиз билдирүүлөр тарап жатканын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Азыр бийликти жөнү жок сындап, өзүн-өзү жарнамалай турган убак эмес, мамлекеттин жана элдин бүтүндүгү керек. Мындай пикирин Эвакуация боюнча комиссиянын жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов айтты.
Ал бардык бийлик органдарынын негизги милдети — туруктуу жашаган жерин таштап башка жайларда баш калкалоого аргасыз болгон жарандарга тез аранын ичинде үйлөрүнө кайтууга шарт түзүп, кыйраган инфраструктураларды калыбына келтирүү экенин белгиледи.
"Мамлекеттик башкаруунун бардык системасы эвакуацияланган жарандар жашаган аймактарына коопсуз кайтуусун камсыз кылууга багытталган. Бузулуп, жарактан чыккан үй мүлктөрдүн баары толугу менен мамлекеттин эсебинен калыбына келтирилет, бул иштер менен атайын комиссия алектенет. Ага чейин үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болгон жарандар мамлекет тарабынан ар тараптуу — тамак-аш жана башка бардык зарыл буюмдар менен камсыздалышы керек", — деди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары.
Байсаловдун айтымында, калктын бийлик органдарына болгон ишенимин жоготууну жана бийлик менен элдин ортосуна "от жагууну" каалаган адамдар тарабынан чагымчылдыкка жетелеген билдирүүлөр байма-бай тарап жатат.
"Бийликти жөнү жок сындап, өзүн-өзү жарнамалоонун убактысы эмес. Мамлекеттин жана элдин бүтүндүгү керек. Өзгөчө кырдаал режиминде элдин ынтымагын бузуу, бийликке карата ишенимин кетирүү, мамлекеттик бийлик органдарынын ишин бурмалоо ниети менен негизсиз билдирүү тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартылат. Азыр башкы максат — мамлекетти бардык багытта бекемдөө", — деп белгиледи Байсалов.
Эвакуация боюнча комиссиянын отурумунун жыйынтыгында президенттик администрациянын алдында түзүмдөр аралык координациялоо ишин алып бара турган атайын жумушчу комиссия түзүлдү.
Мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн маалыматына ылайык, Баткендеги окуядан улам 137 миңге жакын адам жашаган аймагын убактылуу таштап кетүүгө аргасыз болгон. Алардын көпчүлүгү Баткен облусунун аймагына, калган бөлүгү Ош, Жалал-Абад, Чүй, Ысык-Көл облустарына, Бишкек шаарына жайгаштырылды.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
"Эвакуация" дегенде бириң калбай чыгып кетишиң керек. Жапаров элге кайрылды