Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

"Биз 8,5 жыл күткөнбүз". Донбасс тургундары референдум тууралуу. Видео

Качкындар бул республиканын тарыхындагы олуттуу кадам экенин белгилешти.
Sputnik
Донецк, Луганск эл республикаларында, Херсон жана Запорожье облустарында Россиянын курамына кирүү боюнча референдум башталды.
Ростов облусундагы убактылуу баш калкалоочу жайлардагы качкындар РИА Новости агенттигине эчак эле өздөрүн россиялык деп эсептеше тургандыктарын айтып беришкен.
"Биз бул окуяны 8,5 жылдан бери күтүп келгенбиз. Жалпы Донбасс да, ар бир тургун да оор мезгилди башынан кечирди. Мындан улам бул жаңылык биз үчүн абдан маанилүү. Республиканын тарыхындагы олуттуу кадам", — дешти качкындар.
Донбасстын тургундары референдумга сөзсүз катышарын айтышты.
Тема боюнча:
Элдин мүдөөсү, референдумдар, жаңы санкциялар. Кырдаалга сереп