Бишкекте эки мектепке кошумча корпус курулуп, пайдаланууга берилди. Сүрөт

Жаңы корпустардын бирөө 500, экинчиси 600 орунга ылайыкталган.
Sputnik
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Борбор калаадагы №40 орто мектептин жана №6 автордук окуу-тарбия берүү комплексинин кошумча имараттары курулуп бүттү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
1 / 10

Борбор калаадагы №40 орто мектептин жана №6 автордук окуу-тарбия берүү комплексинин кошумча имараттары курулуп бүттү

2 / 10

Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди

3 / 10

Ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров катышкан

4 / 10

№40 орто мектеп үчүн аянты 4137 чарчы метр болгон кошумча окуу корпусу салынган

5 / 10

Жаңы үч кабаттуу имарат 500 окуучуга ылайыкталган, 18 окуу бөлмөсү, спорт жана жыйындар залы менен камсыздалган

6 / 10

Мындан сырткары, мектептин аймагында футбол, волейбол, баскетбол, воркаут оюндары үчүн спорт аянтчалары курулган

7 / 10

Аталган тилкелер көрктөндүрүлүп, жашылдандырылган

8 / 10

Ал эми №6 автордук окуу-тарбия берүү комплексинин кошумча имараты 600 окуучуга ылайыкталган, аянты 2 040 чарчы метрди түзөт

9 / 10

Жыйындар залында 130 орун, сахна жана кийим илгичи каралган

10 / 10

Спорттук залы дагы бар

Ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров катышкан.
"Президент Бишкек шаарында күзгө чейин 15 орто мектеп жана бир бала бакча куруу тапшырмасын берген. Бул милдеттер аткарылды. Мамлекеттик бюджеттен 2,5 миллиард сом, Бишкек мэриясынан 500 миллион сом бөлүнгөн. 1-сентябрдан тарта жаңы мектептерди ачып, окуучуларды кабыл ала баштадык. Буга чейин мектепти үч-төрт айда куруу мүмкүн экендигине эч ким ишенчү эмес", — деди өкмөт башчы.
№40 орто мектеп үчүн аянты 4137 чарчы метр болгон кошумча окуу корпусу салынган. Жаңы үч кабаттуу имарат 500 окуучуга ылайыкталган, 18 окуу бөлмөсү, спорт жана жыйындар залы менен камсыздалган. Мындан сырткары, мектептин аймагында футбол, волейбол, баскетбол, воркаут оюндары үчүн спорт аянтчалары курулган. Аталган тилкелер көрктөндүрүлүп, жашылдандырылган.
Ал эми №6 автордук окуу-тарбия берүү комплексинин кошумча имараты 600 окуучуга ылайыкталган, аянты 2 040 чарчы метрди түзөт. Жыйындар залында 130 орун, сахна жана кийим илгичи каралган. Спорттук залы дагы бар.
Акылбек Жапаров Бишкекте 15 мектеп, бир бакчанын курулушу башталганын айтты. Сүрөт