Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Улуттук банк: Баткенде жабыр тарткан жарандардын насыясы жоюлушу мүмкүн

Төлөө мөөнөтү келип калган тургундар кырдаал тууралуу кабарлап койсо эске алынат.
Sputnik
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасындагы кол салуудан жабыр тарткан жарандарга насыясын төлөөгө жеңилдиктер берилет. Бул тууралуу Улуттук банктын Баткен облусу боюнча өкүлү Акмал Раззаков брифингде билдирди.
Анын айтымында, насыя маселесине байланыштуу Улуттук банктын чечими чыгат.
"Сөзсүз түрдө, бул көңүл сыртында калбайт, кредити барларга жеңилдиктер берилет. Былтыр апрелдеги окуядан кийин банктар көпчүлүгүнүн насыясын кечкен. Быйыл дагы ошондой ниетибиз бар. Быйыл да ушундай чечим кабыл алынат деп ойлойм", — деди Раззаков.
Ошондой эле ал төлөө мөөнөтү келип калган тургундар банктарга кайрылып же кредит боюнча адисине WhatsApp аркылуу кырдаал тууралуу кабардар кылып коюшу керектигин белгиледи. Мындай учурлар эске алынат.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Тажикстандын кол салуусунан Баткенде 1 158 объект талкаланган, анын 613ү турак үй