Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Тажик тарап туткундаган жоокердин видеосу эсиңиздеби? Анын аман экени белгилүү болду

Адилет Санарбек уулу учурда Баткенде экени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусунан улам кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда куралдаштарынын өмүрүн сактап калыш үчүн тажик тарапка багынып берген кыргыз аскери аман-эсен экенин Чек ара кызматы тастыктады.
Ал мурда айтылгандай, курман болгон Гүлжигит Бектенов эмес, Адилет Санарбек уулу экенин билдирди.
Буга чейин жогоруда айтылган учурдун видеосу интернетке тарап, социалдык тармактын колдонуучулары ал аскер Гүлжигит Бектенов экенин жазып чыгышкан. Кийин Бектеновдун аты-жөнү жаңжалда көз жумгандардын тизмесинен чыгып, сөөгү туулган жеринде жерге берилген.
Чек ара кызматы тажик тарапка багынган видеодогу Бектенов эмес, Адилет Санарбек уулу экенин айтып, аны Тажикстан 19-сентябрда Кыргызстанга аман-эсен өткөрүп бергенин кошумчалады. Ал күнү Санарбек уулу менен кошо барымтага алынган дагы үч аскер кыргыз тарапка берилген. Адилет Санарбек уулу учурда Баткенде экени, абалы канааттандырарлык деп айтылды.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Иманкулов: курчоодо калган заставадан 14 аскер аман чыкты, өлгөндөр дагы бар