Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

ЖК депутаттары Баткенге жөнөп кетти. Видео

Болжол менен 10го чукул депутат автобуска отурду.
Sputnik
БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин кээ бир депутаттары Баткен облусуна автобус менен жөнөп кетишти.
Эске салсак, эл өкүлдөрү эртең менентен бери кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды жабык жыйында талкуулап жатышкан. Түштөн кийин бир катар депутаттар камуфляж, спорттук кийимчен келишти. Андан соң жыйындан чыгып эле түз автобуска отуруп жөнөп кетишти.
1 / 3

Жогорку Кеңештин кээ бир депутаттары Баткен облусуна автобус менен жөнөп кетишти

2 / 3

Эске салсак, эл өкүлдөрү эртең менентен бери кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды жабык жыйында талкуулап жатышкан

3 / 3

Түштөн кийин бир катар депутаттар камуфляж, спорттук кийимчен келишти. Андан соң жыйындан чыгып эле түз автобуска отуруп жөнөп кетишти

Алар чек арадагы кырдаалды жеринен көрүп, Баткендин жабыр тарткан эли менен жолугушарын айтышты. Маалыматтарга караганда, парламентарийлердин сапары дүйшөмбүгө чейин уланат. Болжол менен 10го чукул депутат кетти. Депутат Акбөкөн Таштанбеков Баткенге чейин автобус менен барышарын айтты.
Маалыматтарга караганда, депутаттар Шаирбек Ташиев, Мирлан Самыйкожо, Өмүрбек Бакиров, Акбөкөн Таштанбеков, Жалалидин Нурбаев, Тазабек Икрамов, Максат Сарыбагышев, Нурлан Азыгалиев кеткен.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Өмүрзаков: чек арада бардык аскер эрдик көрсөттү, бирөөнү эле баатыр дебейли