Чек арадагы абал да талкууланды. Жапаров Лукашенко менен телефондон сүйлөштү

Мамлекет башчылар кыргыз-беларусь кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттарын белгилешкен.
Sputnik
БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Беларусь президенти Александр Лукашенко менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн өлкө жетекчисинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, анда мамлекет башчылар кыргыз-беларусь эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттарын талкуулашкан. Ошондой эле кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаал боюнча пикир алмашкан.
Тараптар кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча жемиштүү кызматташууну улантууну да макулдашканы айтылды.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Тажикстан кол салууга даярданган. Жапаровдун Эрдоган менен жолугушуусу