Эммануэль Макрон жакынкы күндөрү россиялык лидер менен сүйлөшө аларына үмүт артып жатат. Ал ортодо Владимир Зеленский Түркия лидери Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Ошондой эле Жозеп Боррель, Олаф Шольц, АКШ Мамлекеттик департаменти, НАТО жана башкалардын бир тобу Россияны катуу сынга алып, жаңы санкцияларды убада кылышты. Ушул окуяларга баам салган Ирина Алкснистин макаласын РИА Новости сайты жарыялаган.
Мындай дүрбөлөңдүн себеби анык, Донецк, Луганск республикаларында, Запорожье жана Херсон облустарында Россиянын курамына кошулуу жөнүндөгү референдумдун уюштурулушу.
Дүйшөмбү күнү эле мындай тема бардык төрт аймактын өкүлчүлүгү жана аткаруу бийлиги тарабынан демилгеленген. Ал эми кечээ тийиштүү чечимдерди кабыл алуунун формалдуу жол-жоболору өттү. Бул тууралуу калкты сурамжылоо 23-сентябрда башталып, 27-сентябрга дейре уланат.
Россиянын мамлекеттик түзүмдөрү мурдагы украиналык аймактардын демилгесин кубаттаарын иш жүзүндө да көрсөтүүдө. Референдумду бардык жактан колдоо жөнүндө РФ Мамлекеттик думасынын спикери Вячеслав Володин, Коопсуздук кеңешинин төрагасы Дмитрий Медведев да билдирди.
Россиянын Борбордук шайлоо комитети аталган аймактардан чыккандардын арасында добуш берүүнү уюштурууга көмөктөшүүгө, региондорго байкоочуларды жөнөтүүгө камынууда.
Ошол эле учурда ушул аракеттер кандай шарттарда жасалып жатканын да эске сала кетели. Украина Куралдуу күчтөрү акыркы апталарда калк жайгашкан конуштарга ок ачууда. Дүйшөмбү күнү Донецкиде Бакинский Комиссаров аянтында 13, Луганскидеги Краснореченское айылында жети, анын ичинде үч наристе набыт болду.
Андан мурунку күнү эле Донецкиде топтоштурулган соккудан жети жай жаран каза болгон. Херсон менен Мелитополдо деле кырдаал көңүл жубатарлык эмес. Ок атуулардын аскерий бир маңызы жок, тек гана жазалоо, террордук гана максатта экени айдан ачык. Тарыхчылар, социалдык психологдор украиналык бул тажрыйбаны изилдей турган кез келер. Батыш бүтүндөй бир өлкөнү жатты да эмес, өздү да жек көрүп өлтүрүүгө умтулган камикадзеге айлантып койгону өкүнүчтүү.
Атайын аскердик операция бул көйгөйдү чечүүгө багытталган. Ыргагы жай болсо да процесс жүрүүдө. Дал ушундай стратегияны ишке ашыруу үчүн олуттуу саясий жана аскерий-саясий себептери бар. Анын канчалык туура экенин Самарканддагы саммитте Владимир Путин дагы бир ирет тастыктады.
Соңку айларда Батыш чындап эле Украинаны Россия үчүн геосаясий "ыплас өзөктүк бомбага" айлантууда толук ийгиликке жеткенине ынанып алган окшойт. Кыязы ал жактагылар Москванын негизги куралы күтүүсүз жүрүштөргө туруштук берүү жөндөмүн унуткарган өңдүү.
Эми жакынкы күндөрү жана апталарда Пентагон менен Батыштын башка мамлекеттеринин талдоочулары, штабчылары кайрадан алдыдагы референдум, саясий өзгөрүүлөр атайын аскердик операцияда Москванын стратегиясы, тактикасына кандай таасир этерине баш катырышат. Украина Куралдуу күчтөрүн да, Батыш адистери жана жалданма аскерлерин да кандай "күтүүсүз белектер" күтөрүнө санаа тартышат. Ал эми алар ойлоно турган нерсе көп. Маселен, Запорожье облусу көз карандылыгын жарыялап, өзүнүн административдик чегинде Россиянын курамына кирүүнү пландоодо.
Аймак Россия Федерациясынын субъектине айланганда облустун территориясындагы украиналык жана чет өлкөлүк аскердик бөлүктөр өтө татаал абалда калары ырас.
Кырдаал өздөрү каалагандай нукта кетпегенин сезген АКШ менен Европа биримдигинин расмий өкүлдөрү мурдатан жакшы белгилүү ыкмалардын толук топтомун алдын ала жар сала баштады. Анткен менен алардын баарын Крым референдумуна байланыштуу сегиз жарым жыл мурун да уккан элек. Албетте, Батыш менен Москванын ортосундагы алаканын ал убактагы жана азыркы сапатын, деңгээлин салыштырып болбойт.