Садыр Жапаров АКШга учуп барган учак лизингге сатып алынышы мүмкүн

Bombardier Global Express XRS учагынын чыгымдары учурда колдонуудагы ТУ-154кө караганда өтө аз, үнөмдүү экени белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев соцтармактагы баракчасы аркылуу Садыр Жапаров Нью-Йоркко учуп барган учак тууралуу маалымат берди.
Ал Кыргызстандын делегациясы БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынан кайтып келгенин айтып, президенттин жыйынга катышары боюнча чечим шашылыш кабыл алынганын белгилеген. Ошондой эле өлкө башчы учуп барган учактын таржымалына токтолду.
"Жыл башында Кыргызстан чет элдик сапарлар үчүн жаңы учак сатып аларын билдиргем. АКШга Bombardier Global Express XRS учагы менен акысыз, тесттик режимде барып келдик. Кыргыз тарап болгону күйүүчү май менен камсыздады. Эгер кыргыз тарапты бардыгы канааттандырса, анда бул учакты лизингге сатып алуу тууралуу макулдашылган. Bombardier Global Express XRS учагынын чыгымдары учурда колдонуудагы ТУ-154кө караганда өтө аз, үнөмдүү. Анын үстүнө ТУ-154 күйүүчү майды көп сарптаганы аз келгенсип, эскилигинен улам Европага, Америкага жете албайт. Эксплуатациялык мөөнөтү дагы аяктады. Азыркы учурда Bombardier Global Express XRS учагын лизингге сатып алуу боюнча акыркы чечим кабыл алына элек", — деген Султанбаев.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Тажикстан макулдашууну бузду. Жапаров БУУнун баш катчысы Гутерриш менен жолукту