Кыргызстанда Сахарово миграция борборунун филиалын ачуу боюнча даярдыктар жүрүүдө. Бул тууралуу Кубандык Акматбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган филиал мигранттарга айрым процедураларды өлкөдөн чыга электе жасоого мүмкүндүк түзөт.
"Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Россияга иш сапары менен барган. Анын алкагында бир катар кызмат адамдары, анын ичинде РФ ички иштер министри Владимир Колокольцев менен жолугушуп, мигранттардын каттоого туруусу, кара тизме жана башка көптөгөн маселелерди талкуулаган. Натыйжада министр Сахарово миграция борборунун филиалы Кыргызстанда ачылса дактилоскопия (манжа издерин алуу) маселесин карап берерин айтты. Аталган борбор тууралуу айтсак, 2021-жылдын 29-декабрынан тарта мигранттар 30 күндүн ичинде кол манжаларын тапшырып, медициналык кароодон өтүп, сүрөткө түшүшү керек. Мына ушул процедуранын баары Сахарово миграция борборунан жасалат. Ал жакта кезек болуп, мекендештерге ыңгайсыздык жараткан учурлар кездешет. Ошондуктан аталган борбордун филиалын Кыргызстанда ачуу боюнча келишилген. Мына ошол борбордо жогоруда айтылган процедураларды жүргүзүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Ал үчүн Кыргызстандын министрлер кабинети тарабынан имарат бөлүндү", — деди Акматбеков.
Ошондой эле ал жакында Сахароводон адистер келип филиалды ачуу боюнча иш алып барышарын кошумчалады.