Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Чек арада түн тынч өттү, жардыргыч заттарды аныктоо иштери уланууда

Тараптардын жумушчу комиссиялары куралдуу күчтөрдү алып кетүү боюнча макулдашуунун аткарылып жатканын көзөмөлдөшүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. 22-сентябрга караган түн кыргыз-тажик чек арасында тынч өттү, кырдаал салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдирди.
Мекеме чек арага жакын аймактарда жарылбай калган ок-дары, мина, снаряд жана башка жардыргыч заттарды аныктоо, табуу жана зыянсыздандыруу иштери уланып жатканын эске салды.
Кыргызстан менен Тажикстандын жумушчу комиссиялары абалды жөнгө салып, куралдуу күчтөрдү алып кетүү боюнча макулдашуунун аткарылып жатканын көзөмөлдөшүүдө.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Жалган маалымат таратып кырдаалды курчутпагыла. Бишкек Душанбени айыптады