Бишкектеги көчөлөрдүн кесилиштерине 16 светофор орнотулду. Тизме

Муниципалитеттен жол чырактардын он бири иштеп жаткандыгын айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Борбор калаадагы көчөлөрдүн кесилишине жаңы 16 светофор орнотулганын мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.
1 / 2

Борбор калаадагы көчөлөрдүн кесилишине жаңы 16 светофор орнотулганын мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты

2 / 2

Бишкек шаарынын мэриясынан Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин линиясы боюнча 23 светофордук объектилерди орнотуу уланып жатканын билдиришти

Бишкек шаарынын мэриясынан Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин линиясы боюнча 23 светофордук объектилерди орнотуу уланып жатканын билдиришти.
"Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо үчүн 14 транспорттук жана жөө жүргөндөргө ылайыкталган эки светофордук объект орнотулган. 10 объект пайдаланууга берилди жана автотранспорттун агымын толук жөнгө салууда", — деп айтылган маалыматта.
Светофорлор шаардык бюджеттеги каражаттын эсебинен алынганын айтышты.
Жаңы объектилер төмөндөгү кесилиштерге орнотулган:
Үсөнбаев – Күрөңкөев көчөлөрүнө;
Ахунбаев - Тагай бий көчөлөрүнө;
Киев - Акиев көчөлөрүнө;
Москва - Акиев көчөлөрүнө;
Осмонкул - Күрөңкөев көчөлөрүнө;
Садырбаев - Кара-Коо көчөлөрүнө;
Фучик - Лазо көчөлөрүнө, №54 орто мектеп (жөө адамдар үчүн );
Садырбаев - Матисаков көчөлөрүнө;
Горький - Тыныстанов көчөлөрүнө;
Чүй проспекти – Акиев көчөсү;
Профессор Зима - Баялинов көчөлөрүнө, №75 орто мектеп
Мындан сырткары, транспорттук төрт жана жөө жүргөндөргө ылайыкталган бир светофордук объектини пайдаланууга берүү жана кошуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатканы маалымдалды.
Алар төмөнкү көчөлөрдүн кесилиштерине коюлмакчы:
Толстой - Достоевский көчөлөрүнө;
Үмөталиев – Жибек Жолу көчөлөрүнө;
Ахунбаев – Шералиев көчөлөрүнө;
Байтик баатыр көчөсүндөгү 8, 9-кичи райондогу көчөлөрдүн ортосуна (жөө жүргөндөр үчүн);
Медеров - Тыныстанов көчөлөрүнө.
Транспорт департаменти кесилиштерде жети транспорттук светофор объектин курууга конкурс жарыялады:
Шералиев - Күйүков көчөлөрүнө;
Сухэ-Батор - 7-Апрель көчөлөрүнө;
Салиева - Буденный көчөлөрүнө;
Манас - Көкчө-Тоо көчөлөрүнө;
Профсоюз – Бородина көчөлөрүнө;
Ахунбаев - Тыныстанов көчөлөрүнө;
Толстой - Ауэзов көчөлөрүнө.
Бул светофорлор орнотулуп, үстүбүздөгү жылдын аягына чейин пайдаланууга берилери айтылды.
Бишкек менен Чүйдүн жолдорунда кайрадан көчмө камералар иштей баштады. Видео