23-сентябрга карата аба ырайы

23-сентябрда республика аймагында күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Жума күнү өлкөнүн дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +26…+31, Таласта +24…+29, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +28…+33, Ысык-Көл өрөөнүндө +20…+25, Нарын жеринде +22…+27 градусту көрсөтөт.
Күндүн табы Бишкекте +29…+31, Ош шаарында +31…+33 градус болот.
Бишкекте автоунаа өтө тургандай көпүрө салынды. Сүрөт