Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Шойгу: Украина менен эмес, жамааттык Батыш менен согушуп жатабыз

Россияда жарым-жартылай мобилизация жарыяланды.
Sputnik
БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Украина армиясы тынч элге каршы Батыштан келген курал-жаракты колдонгон учуру көбөйдү. Бул тууралуу РФ коргоо министри Сергей Шойгу "Россия 24" телеканалына маек куруп жатып билдиргенин РИА Новости жазды.
"Элге каршы батыш куралынын күнүгө колдонулуп жатканын көрүп жатабыз. Ооруканалар, эл көп чогулган жерлерге сокку уруп жатышат", — деди Шойгу.
Министр Батыш Украинага ири көлөмдө курал-жарак жеткирүүсүн улантып жатканын белгиледи.
"Азыр Украина эле эмес, Батыш, ага кошуп НАТО менен согушуп жатканыбызды белгилеп кетким келет. Бул жерде маселе ири көлөмдө жеткирилип жаткан курал-жаракта да эмес, анын эби табылууда, кеп алардын байланыш каражаттары, чалгын системалары, спутниктик чалгын системасы тууралуу болуп жатат", — деди Шойгу.
Ал Украинанын колдогу куралы дээрлик түгөнгөнүн, негизин советтик курал-жарак түзүп келгенин кошумчалады. Советтик куралы бар европалык мамлекеттер да эбак эле баарын Украинага өткөрүп берген.
Министрдин айтымында, ушу тапта Киевде 150 аскер кызматкеринен турган батыш командачылыгы отурат.
"Мурунку да, азыркы да аскер кызматкерлеринен 150 кишилик топ келди. Украин армиясын ошолор башкарып, операциялар ошолордун тескөөсү менен жүрүп жатат", — деди Шойгу.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Сергей Шойгу Россиядагы жарым-жартылай мобилизацияга кимдер чакырыларын айтты