Түркияда Көчмөндөр оюндарын утурлай "Манас" жумалыгы өтөт

Кыргызстандан жети манасчы жана төкмө акындар бар.
Sputnik
БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Түркиянын Бурса шаарында IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын утурлай "Манас" жумалыгы өтөт. Бул тууралуу долбоордун координатору Гүлзар Кокенова билдирди.
"Баарын коюп Манасты айт" аттуу "Манас" жумалыгы бүгүн "Меринос" паркында жергиликтүү убакыт боюнча саат 17:00дө башталып, 28-сентябрга чейин уланат.
Ачылыш аземине ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы Султан Раев, Түркия президентинин башкы кеңешчиси Ялчын Топчу, Бурса шаарынын мэри Алинур Акташ жана Кыргызстандын элчиси Кубанычбек Өмүралиев катышары күтүлүүдө.
Манасчылардан Талантаалы Бакчиев, Замирбек Баялиев, Рыспай Исаков, Азиз Биймырза уулу, Нурбек Талантбеков, Улан Исмаилов, Самат Көчөрбаев барат. Ошондой эле төкмө акындар Азамат Болгонбаев менен Максат Кулуев катышат.
Иш-чаранын максаты — дүйнөлүк элдик поэзиянын шедеври катары "Манасты" даңазалоо, эпос аркылуу түрк маданиятын эл аралык масштабда таанытуу.
Депутат: Түркияда өтчү Көчмөндөр оюнуна улуттук спорттун 4 эле түрү кириптир