Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Парламент Тажикстандын агрессиясы боюнча эл аралык уюмдарга кайрылуу жөнөтөт

Эл өкүлдөрү БУУдан сырткары КМШ, ШКУ уюмдарына дагы кайрылат.
Sputnik
БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Парламент Тажикстандын агрессиясы тууралуу эл аралык уюмдарга кайрылуу жөнөтөт. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты, Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков билдирди.
Ал бүгүнкү жыйында төрагага кайрылып, эртеңкиге чейин текстти макулдашып депутаттардын кароосунан өткөрүүнү өтүндү.
"Шайлоочуларыбыз эмне жасадыңар деп кайрылып жатат. Биз ишемби күнү эле БУУга кайрылалы дегенбиз. Бирок өкмөт менен макулдашып, Тышкы иштер министрлиги аркылуу жасалды. Биз Жогорку Кеңештин атынан башка мамлекеттерге, уюмдарга кайрылалы. Бир гана БУУнун системасына эмес, КМШ, ШКУ уюмдарына дагы кайрылып коёлу. Тиешелүү кайрылуунун долбоорун даярдап эртең киргизебиз", — деди Айдарбеков.
Натыйжада депутаттар бул маселени эртеңки жыйында карап, кайрылуунун текстин бекитип берүүнү чечти.
Депутат "Асман" шаарын токтотуп, абадан коргонуучу система алууну сунуштады