Пресс-борбор

ШКУ менен ЕАЭБ кызматташа турган тармактар аталды. Тизме

Жыл соңуна чейин биргелешкен иш-чаралардын планына кол коюлушу керек.
Sputnik
БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Евразиялык экономикалык биримдик менен Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттер бир катар тармакта кызматташууну көздөп жатат. Бул тууралуу ЕЭКтин Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Гоар Барсегян Sputnik аянтчасында өткөн видеокөпүрөдө билдирди.
Эске салсак, ЕАЭБдин айрым өлкөлөрү ШКУга да мүчө.
Барсегяндын айтымында, бир жыл мурун Евразиялык экономикалык комиссия менен ШКУ катчылыгы өз ара түшүнүшүү боюнча меморандумга кол койгон. Бул документтин алкагында биргелешкен иш-чаралардын планы иштелип чыгууда. Кол коюлушу менен бир катар тармакта кызматташууга жол ачылып, бул өз кезегинде товар айлантуунун көлөмүн жогорулатары айтылды.
"Меморандумда негизги көңүл финансы, соода саясаты, соода процедураларын жөнөкөйлөштүрүү, транспорт, санариптештирүү, санитардык жана фитосанитардык чаралар, энергетика, өнөр жай жана агроөнөр жай сыяктуу тармактарга бурулат", — деди Барсегян.
Ал биргелешкен иш-чаралардын планында аталган тармактын баары жана транспорт-логистикалык маселелер бүтүн камтылганын белгиледи.
"Жыл аягына чейин план макулдашуудан өтүп кол коюлат деп күтүп жатабыз. Мындан кийин аны ишке ашырууга киришебиз. Бул аталган тармакта терең кызматташууга жол ачат", — деди департаменттин директору.
ШКУ жыйынынын жыйынтыгында 40тан ашуун документке кол коюлду