Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Сергей Шойгу Россиядагы жарым-жартылай мобилизацияга кимдер чакырыларын айтты

Министрдин айтымында, Россиянын мобилизациялык резерви 25 миллион адамга жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Россияда жарыяланган жарым-жартылай мобилизацияга буга чейин аскердик кызмат өтөгөндөр, аскердик кесиби барлар, согуштук аракеттерге катышкандар чакырылат. Бул тууралуу РФ коргоо министри Сергей Шойгу билдиргенин РИА Новости жазды.
Эскерте кетсек, бүгүн Россия президенти Владимир Путин кайрылуу жасап, жарым-жартылай мобилизация боюнча жарлыкка кол койгонун билдирген.
Сергей Шойгунун айтымында, Россиянын мобилизациялык резерви эбегейсиз, 25 миллион адамга жетет. Анын жүрүшүндө жалпы жонунан 300 миң адам чакырылат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россияда жарым-жартылай мобилизация боюнча жарлык чыкты