БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан БУУнун башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолукту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, өлкө башчылары эки жана көп тараптуу кыргыз-түрк кызматташтыгынын учурдагы абалы менен келечегин талкуулашты. Мындан тышкары, кыргыз-тажик чек арасындагы соңку каргашалуу окуяларга байланыштуу пикир алмашкан.
"Садыр Жапаров тажик тарап Кыргызстандын чек арасына аскерлерин алдын ала алып келип, куралдуу күчтөрүн жана оор аскердик техникасын колдонуп Кыргызстандын аймагындагы чек ара жана жарандык объектилерге, эл жашаган аймактарга чыккынчылык менен кол салганын белгиледи", — деп айтылат билдирмеде.
Ошондой эле ал тажик тараптын кол салуусунан жөнөкөй эл ичинде, аскер кызматкерлеринин арасында жоготуулар болгонун айтып, аскердик жана жарандык инфратүзүмгө олуттуу зыян келтирилгенин белгилеген.
Режеп Тайип Эрдоган Садыр Жапаровго адамдар курман болгонуна байланыштуу көңүл айтып, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалаган. Өлкө лидерлери бардык багыттар боюнча активдүү кызматташууну улантууну макулдашты.