Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россияда жарым-жартылай мобилизация боюнча жарлык чыкты

Чакырылгандар аскердик бөлүктөргө барар алдында кошумча даярдыктан өтөрү айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Россия лидери Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация баштала тургандыгын Донбасс боюнча жасаган кайрылуусунда айтты.
Тиешелүү жарлыкка кол коюлган.

"Аскердик кызматка учурда запаста турган же мурда Куралдуу күчтөрдүн катарында кызмат өтөгөн, бул жаатта тиешелүү тажрыйбасы бар жарандар чакырылат. Чакырылгандар аскердик бөлүктөргө барар алдында атайын операциянын өзгөчөлүгүн эске алып, кошумча даярдыктан сөзсүз өтөт", — деген Путин жалпы кайрылуусунда.

Аскерге чакыруу 21-сентябрда башталары маалым болду.
"Мобилизация боюнча иш-чаралар 21-сентябрда башталат. Бардык региондордун жетекчилерине комиссариаттардын иштерине көмөк көрсөтүүнү тапшырам", — деди Путин.
Запорожье облусунда референдум жакынкы күндөрү өтүшү ыктымал