Кыргызстандын бизнес-омбудсмени Робин Орд-Смит каза болду

Орд-Смит 30 жылдан ашуун убакыт бир катар мамлекеттерде дипломатиялык кызматтарды аркалап келген.
Sputnik
БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Кыргызстандын бизнес-омбудсмени Робин Орд-Смит каза болду. Некролог бизнес-омбудсмендин сайтына жарыяланды.
Улуу Британиянын жараны, падышалыктын Кыргызстандагы экс-элчиси аталган кызматты 2019-жылдан бери ээлеп келген. Ал Кыргызстандагы биринчи бизнес-омбудсмен болчу.
Орд-Смит 30 жылдан ашуун убакыт бир катар мамлекеттерде дипломатиялык кызматтарды аркалаган.
Кабарда анын жаныбарларды коргоого алып, ак илбирсти сактоо боюнча демилгелерди колдоп, кайрымдуулукка көп күч жумшап келгени айтылган.